ООЗАНДЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ООЗАНДЫРУУ - жаңы төрөлгөн перзенттин оозуна сары май салуу, алгачкы даам таттыруу

ырымы. Эл ичинде баланы сары май менен оозан­дырса, анда ал эс тарткандан кийин ата-энеси­не, эл-журтуна кайрымдуу, оокат-жайлуу, мал жандуу, дөөлөттүү адам болуп, оозунан жакшы сөз, жакшы тилектер гана чыгып турат деген түшүнүк бар. Вала төрөлөр замат киндигин ке­сип, энесинин чачы менен баланын тандайын са­йып кустурган (кокус бала чарайнанын суусун жутуп алышы мүмкүн). Ошондон кийин гана киндик эне сары май менен баланы оозанткан.