ОНТОГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОНТОГЕНЕЗ (грекче 6п, 6п1ов - анык жана ...ге­нез), онтогения - организмдин пайда болгондон тиричилигинин акырына чейинки бардык өзгөрүүлөрүн камтыган жеке өөрчүүсү. Жыныс жолу менен көбөйүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн О-и уруктанган энелик клетка­дан - зиготадан, ал эми жыныссыз көбөйүүчү организмдердин О-и споралардын, вегетациялык көбөйуу органдарынын калыптанышынан баш­талат. О-де организмде морфол., физиол. жана биохим. татаал өзгөрүүлөр жүрөт. Жаныбарлар­да О. процессин жөнгө салууда нерв жана эндок­рин системасы чоң мааниге ээ. Жыныс жолу менен көбөйүүчү көп клеткалуу жаныбарлардын О-и кыйла татаал. Алардын О-и 3 стадиядан турат: түйүлдүк алдындагы (жыныс клеткалар­дын өрчүүсү жана уруктануусу) мезгили; түйүлдүк (организмдин жумурткадан жана түйүлдүк кабы­нан чыкканга чейинки) мезгил; түйүлдүктөн кийинки (жыныстык жетилүүгө чейин) мезгил. Жаныбар О-инин личинкалык, жумурткада өөрчүүчү жана ургаачынын денесинде өсүүчү түр­лөрү бар. Өсүмдүктөрдүн О-и жыныс жолу менен көбөйүүчүлөрдө уруктанган энелик клеткадан башталат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн О-ине жыныссыз муун (спорофит) менен жыныс мууну (гаметофит) кезектешип алмашышы мүнөздүү. Спорофит - зиготадан, гаметофит эң жөнөкөй споралардан пайда болот. Вегетация­лык көбөйүүдө, ошондой эле өсүмдүктөрдүн дене клет­каларынын бөлүнүүсүнөн башталат. Уруктуу өсүмдүктөрдө түйүлдүк стадиясы энелик клетка уруктангандан, урук толук калыптанганга че­йин созулат. Өсүмдүк О-и түйүлдүк (эмбрион), өсүү, жетилүү, көбөйүү, картаюу этаптарына бөлүнөт. О-дин жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн клет­ка, ткань органдарында структуралык жана функ­циялык өзгөрүүлөр болуп, дифференциацияла­нуу процесстери жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүм­дүктөр О-нин узактыгына жараша бир, эки жана көп жылдык болуп айырмаланат.