ОН ОК БУДУН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОН ОК БУДУН («онуруу», «он уруудан турган эл, калк») - 5-8-к-да Теңир-Тоо жана ага жакын аймактарда жашаган батыш түрк урууларынын жалпы аталышы. Алгач Орхон жазуу эстеликтеринде кезигип, Кытай тарыхый даректеринде беш уруу дулу жана беш уруу нушиби катары берилген. В. В. Радлов ж. б. окумуштуулар байыркы түрк тилинде «ок» («ог») «эне» деген сөздү билдирип, бир энеден тараган уулдар («огул») О. о. б. аталганын көрсөтсө, айрымдары (О. Прицак) жаанын жебесине («ок») байланыштырган. 0. о. б-га кирген уруулар негизинен карлук жана огуз (же огуз-түркмөн) тилинде сүйлөшкөн. 5-9-к-га тиешелүү орхон жана талас жазууларынын тили да (хакас тилине киргендерди кошпoroндо) ушул тил тобуна жакын. Ошондуктан көпчүлүк окумуштуулар Теңир-Тоо (Талас, Памир-Алай, Кочкор ж. б.) жазууларын О. о. б. урууларынын мезгилине тийиштүү деп белгилешкен.
Ад:. Радлов В. В. Этнографический обзор тюркских племен Сибири и Монголии. Иркутск, 1929; Абрамзон С. М. К семантике киргизских этнонимов// СЭ. 1946. № 3; Петров К. И. Очерк происхождения киргизского народа. Ф., 1963.