ОНДУК БӨЛЧӨК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОНДУК БӨЛЧӨК - бөлүмү 10 санынын бүтүн даражасы болгон бөлчөк, башкача айтканда бөлүмү 10, 100, 1000, болот. 0. б. бөлүмүндө канча нөл болсо, алымындагы сандын оң жагынан ошончо цифраны үтүр менен бөлүп, бөлүмү жок жазылат (мисалы, 51764/100=517,64; 7/100=0,07). Үтүрдүн сол жагындагы бөлүгү - бөлчөктүн бүтүн бөлүгүн, үтүрдөн кийинки биринчи цифра ондук үлүштөрдүн санын, экинчи цифра жүздүк үлүштөрдүн санын ж. б. билдирет. Бөлүмү 2 жана 5тен башка жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ээ болбогон рационал сандардын ондук жазылышы чектүү сандагы цифраларды камтыйт (мисалы, 3/20=0,15); рационал сандын О. б. түрүндө жазылышындагы цифралар кандайдыр бир орундан баштап, мезгили менен кайталанат (мындай сан чексиз мезгилдүү ондук бөлчөк түрүнө келет, мисалы, 5/6=0,833...). Иррационал сандар чексиз мезгилсиз ондук бөлчөк түрүнө келет, мисалы, ^2 =1,41421... Бардык учурда ЬгЬг төмөнкү түрдө
жазылат: аД0Ч-а4_110‘-1+ +ао+г>1/1О+52/1О+...,
мында акак1...а0, Ь^... сандын тиешелүү разрядындагы 0, 1, 2, ..., 9 (ак* 0) цифралары. Мисалы, 6728,493=6-103+7-102+2-10+8+4/10+9/102+3/10э, мында а3=6, а2=7, аг=2, а0=8, 5^=4, &2=9, Ь3=3. О. б. 14-15-к-да эле колдонулган. Самаркан математиги аль-Каши 0. б. системасын жазып чыккан (1427).