ОНАНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОНАНИЗМ, мастурбация — оргазмга жетүү максатында жыныс органын жасалма дүүлүктүрүү. Көбүнчө жеткинчектерде жыныстык жетилүү мезгилинде байкалат. Айрым учурда О. психикалык бузулуунун белгиси болот. Кээде балада жыныс органын тар кийим өйкөгөндө жаман адат катары пайда болот. Жыныс органын кычыштыруучу оорулар (энтеробиоз ж. б.) да О-ге түрткү болушу мүмкүн. Жыныстык жетилүү мезгилинде О-ге көбүнчө пайдалуу иш жасабаган, бош убактысы көп, кароосуз балдар чалдыгат. О-ди алдын алууда балдардын мите ооруларын өз убагында дарылоо маанилүү. Бала уктап ойгонгондон кийин, төшөккө көпкө жаткырбай, тар кийим кийгизбей, күнүгө ич кийимин алмаштыруу зарыл. О. байкалган балага сексуалдык сезимин козгоочу кино көрүүгө жана китеп окууга уруксат бербеш керек.