ОМУРТКАСЫЗДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМУРТКАСЫЗДАР (1пүег1еЬга1а) — омуртка тутуму жок жаныбарлардын көп сандаган тобу. 19-к-дын башында фр. биолог Ж. Б. Ламарк жаныбарлар дүйнөсүн омурткалууларга жана О-га бөлгөн. О. 16-23 жана андан көп типке бөлүнөт. Вуларга жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терилүүчүлөр, моллюскалар, муунак курттар, жөнөкөй курттардын бир нече типтери, муунак буттуулар ж. б. кирип, 1-2 млнто чейин түрдү камтыйт. Ал эми омурткалуулар типчесине 45 миң гана түр таандык. 0-дын өтө көп саны муунак буттуулар, алардын көпчүлүк түрлөрүн курт-кумурскалар түзөт (1 млндон ашык). О. бардык жерде - тузсуз сууда, океан, деңизде, кургакта, топуракта таралган. Көбү - өсүмдүк жана жаныбар мителери. 1 миллиард жыл мурун бир клеткалуулардан көп клеткалуулар келип чыккан. Кембрий мезгилинде 0-дын көп типтери жашаган. Алардын байыркы калдыктары түрдүү геол. чөкмө тектердин курамын түзгөн. Геол. чөкмөлөрдүн жашын, курамын аныктоодо, адам турмушунда жана табиятта 0-дын мааниси чоң. 0-Дын ичинде тамак-ашка пайдаланылуучулары, куштарга,
балыктарга жем болуучулары бар. Айрымдары - өсүмдүк жана айбанат зыянкечтери.