ОМУРТКАЛУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМУРТКАЛУУЛАР, баш сөөктүүлөр (Уег1еЬга€а же Сгап1а1а) — ж.аныбарлардын хордалуулар тибиндеги типче. Соңку силур мезгилинен белгилүү. 0-дын теги - жөнөкөй хордалуулар. Эволюциялык процесстин натыйжасында алгачкы өзөк скелети - хордасы - акырындап бири-бири менен бириккен кемирчек же сөөк омурткалардан турган омуртка тутумуна алмашкан (аты ошондон). Ошентип суу агымына туруштук бере турган күчтүү булчундуу бекем таяныч пайда болгон. Ошондой эле дем алуу, азык сиңирүү, кан айлануу, бөлүп чыгаруу жана сезүү органдары, борбордук нерв системасы өөрчүгөн. Айрыкча бул системалардын өөрчүшү 0-дын суудан кургакка жашоого өткөндө зарыл болгон. Тамак сиңирүү системасы татаалданган. Булчундуу жүрөгү бир нече бөлүктөн турат. Кан айлануу системасы туюк. Сууда жашоочу 0. бакалоору, кургактагылар жаңы пайда болгон дем алуу органы-жуп өпкөсү менен дем алат. Омурткасыздарга караганда гормондук жөнгө салуу татаалданган. Нерв системасы мээ, жүлүн жана четки түйүндөрүнөн (ганглия) турат. 0-дын кыймыл-аракетинин активдүүлүгү сезүү органдарынын түзүлүшүнүн жана функциясынын татаалданышына алып келгенетикалык 0. демейде айрым жыныстуу, жуп жыныс бездери болот. Кээ бир балыктар - гермафродиттер. Оймок ооздуулар, балыктар, жерде-сууда жашоочулардын көбү, куштар жумуртка, сүт эмүүчүлөр тирүү тууйт. Азыркы 0. 7 класска (оймок ооздуулар, кемирчектүү балыктар, сөөктүү балыктар, -жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр) бөлүнүп, 40-45 миңдей түрү белгилүү. Биосфера процессинде жана адам үчүн 0-дын мааниси өтө чоң. Көпчүлүгү - үй айбандары жана промыселдик жаныбарлар. Айрымдары - жугуштуу ооруларды алып жүрүучүлөр, кээ бирлери эл чарбасына, а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирет.