ОМАРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОМАРЛАР (Ношапйае) - он буттуу рактардын тукуму. Узундугу 60 см, кээде андан да ашат. Салма­гы 15 кгга чейин. Сыртынан өзөн рактарына окшош. Алдынкы эки бутунда чон, күчтүү - ки­йинки эки жуп бутунда кичирээк кыпчуурлары бар. Курсагы узун келип, жазы куйрук желпүүр болуп бүтөт. Күндүз жашынып жатат, омуртка­сыздар менен азыктанат. 5 жылда жыныстык жак­тан жетилет. 50 жылга чейин жашайт - 36 түрү жылуу жана мелүүн деңиздерде кездешет. Амери­ка, норвегия жана европа О-ы кеңири таралган. Мароккодо тамак катары пайдаланылат.