ОМАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМАН, Оман Султандыгы (Уман султандыгы) - Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Араб ж. а-нын түштүк-чыгышынан орун алган. Түн,- чыгышынан Оман булуңу, түштүк-чыгышынан Араб деңизи менен чулганат. Аянты

БУУнун маалыматы боюнча 309,5 миң км2
(батыш чек арасы чөл аркылуу өтүп, так жүргүзүлгөн эмес). Калкы 2,6 миллион (2011); негизинен арабдар (90%), ошондой эле индейлер, пакистандыктар, бангладештиктер, шри-ланкалыктар жана Африка келгиндери жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2
жерге 14 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 70,2 жаш, аялдарыныкы - 73,2. Мамлекеттик тили - араб тили. Ислам динин тутат. Администрациялык-аймактык жактан 4 губернаторлукка, 5 округга бөлүнөт. Борбору - Маскат ш. Шаар калкы 77,6% . Акча бирдиги - Оман риалы.
Мамлекеттик түзүлүшү. О. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет жана өкмөт башчысы - султан. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин султан өзү жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент - Шура кеңеши (межлис аш-шура) жана Мамлекет кеңеши (межлис ад-даула). Өлкөдө саясий партиянын негиздешине тыюу салынган. Султан Карбус бен-Сайд бен-Теймур 1970-жылдан бийликте.
Т а б и я т ы. Жери тоолуу; эң бийик жери 3017 м (Эль-Ахдар массивиндеги Эш-Шам чокусу). Тоолор менен Оман булуңунун аралыгында кууш Эль-Батина ойдуңу жатат. Климаты тропиктик, ысык, кургак. Дүйнөдөгү эң ысык мамлекет. Январдын орт. температурасы 21°С, июлдуку 32°С. Жылдык жаан-чачыны 125 лшден 500 лшге чейин. Туруктуу дарыясы жок. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Тоолорунда саванна, жалбырагы күбүлмө тропик токою кездешет. ВазиСерин резерваты бар.
Т а р ы х ы. О. аймагын адамдар биздин заманга чейинки 3-
МИҢ жылдыкта мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң
жылдыкта 0-га Йемендин ямани урууоу келип оту-

рукташкан. Биздин замандын 6-к-нда О. Сасаниддер
бийлигинде болуп, 7-к-да Араб халифатына караган. Өлкөдө ислам үстөмдүк кылып, 0. эли халифаттагы Омейя династиясына каршы
көтөрүлгөн.
Ал кулаган соң (750), өлкөнү имам сурап, 0. көз карандысыз мамлекет - имамдык деп жарыяланган. 16-17-к-даО. аймагын португалдар, 18-к-дын башында перстер басып алган, бирок 1741-жылы Ахмед Зафари (башчысы) аймакты перстерден бошотуп, ири мамлекет түзгөн. Ага Перс булуңундагы аралдар, азыркы Иран, Чыгыш Африкажээктери (Сомалиден Мозамбикке чейинки) караган. 1744-жылдан кайрадан имам бийлеп, 1792-жылы Маскат султандыгы пайда болгон. 1891-жылдан британ протектору. 19-к-дын башында О. имамдыгы, Маскат султандыгы жана Пират жээгине (1853-жылдан Келишим Оманы, 1971-жылдан Бириккен Оман эмирдиги) бөлүнгөн. 1970-жылы августта Маскат султандыгы менен имамдык биригип, О. султандыгы түзүлгөн. Өлкөдө экономикалык модернизациялоо башталып, социалдык чектөөлөр жоюлган. 1987-жылдан О-да туризмдин активдүү өнүгүүсүнө кеңири мүмкүндүктөр ачылган.
Экономикасынын негизин нефть казып алуу жана экспорттоо түзөт. О-нун улуттук дүң кирешесинин көлөмү 53,5 миллиард АКШ доллары. Аны киши башына
бөлүштүргөндө 23,9 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшу (% менен) - 61,6, ө. ж-ныкы - 36,3, а. ч-ныкы - 2,1. Калктын жашоо деңгээли боюнча дүйнөдө 78-орунда (2004). 0. - нефть-газ ө. ж. өнүгүп келе жаткан агрардык өлкө. Оазис дыйканчылыгы, бакча жана тропика өсумдүктөрү, курма пальмалары өстүрүлөт. Көчмөн мал чарбачылыгы бар. Балык кармалатынча Кен байлыктарынан нефть, жаратылыш газы, алтын, күмуш жана жез казылып алынат. 2007-жылы 13,58 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу, химиялык, цемент, тамакаш-татымал, машина куруу, металл иштетүү, оптика буласы ө. ж., текстиль жана тигилүү кийимдер өндүрүштөрү иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (атылбас куралдар, булгаарыдан, кездемеден буюм жасоо) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 42,3 миң км. (анын ичинде 16,5и асфальтталган), газ куурунуку 4,2, нефтиники 3,56. Т. ж. жок. Деңиз порттору: Султан-Кабус (Маскаттын шаар айланасы), Райсут (Салалыга жакын), Матрах, Мина-эль-Фахаль. Сыртка нефть, суюлтулган жаратылыш газы, түстүү металл, балык, ун жана жашылча-жемиш чыгарат. Ошондой эле товарларды реэкспорттойт. Негизги сырткы соода шериктештери: Япония, Корей Респ., Тайвань, Сингапур, БАЭ. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө.
Маданияты. Билим берүүсү башталгыч, орто, кесиптик жана жогорку билимди камтыйт жана 1972-жылдан акысыз. Акыркы 30 жыл ичинде ЗООгө жакын башталгыч мектептер курулган. Маскат ш-нда султан Кабус атындагы университет бар. Университете гуманитардык, так жана табигый илимдерге тиешелүү факультеттер бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 72%ти түзөт (2009). Ири китепкана, музейлери иштейт. Гезит-журналдары араб тилинде чыгат.


