ОЛЬХОВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОЛЬХОВСКИЙ Владимир Сергеевич [25. 12. 1925, азыркы Казакстан, Жамбыл обл., Жамбыл району,

Гродеков кыш. - 4. 12. 1969, Кыргызстан, Ки­ров (азыркы Манас) р-ну, Покровка кыш.] - Даңк орденинин толук кавалери. 1942-жылдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согуш­та 1-Беларус фронтунун 214-аткычтар полкунун ат­кычтар бөлүгүнүн команди­ри. Клуч кыштагындагы салгы­лашта душмандын 6 солда­тын туткунга алганы үчүн 3-даражадагы (3. 2. 1945), Шнайдемюль шаарынын жа­нында душмандын көп кү­чүн жок кылганы үчүн 2-даражадагы (11. 3. 1945), Швахов, Ланхенхаген жана Баринг тая­ныч пункттарын алууда жалгыз өзү 18 фашистти жана чоң калибрдүү пулемётту (тейлеген адамдары менен) жок кылганы үчүн 1-даражадагы (31. 5. 1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон.