ОЛУЯ АТА РАПОНТИКУМУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛУЯ-АТА РАПОНТИКУМУ (КЬарпИсит аиИеайепзе) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек кездешүүчү түрү. Көп жылдык тамыр-сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 40 см, төмөнкү сабактагы жалбырагынын узундугу 8-12 см, туурасы 2-3 см, жалбырак саптуу, канатчадай - айчыктуу. Гүлү мала кызыл, сары,_себетче топ гүлчө чогулган, себетченин диаметри 4-7 см, гүл ороочтору бир нече катар. Май-июнь айларында гүлдөйт. Уругу менен көбөйөт. Арчалуу токой тоолордун шагыл, таштуу капталдарында өсөт. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш жагында, Эчкили-Тоо, Ак-Таш, Талас кырка тоолорунда кездешет. Сейрек жолугуучу эндемик катары КРдин Кызыл китебине киргизилген.