ОЛИМПИЯЛЫК ОЮНДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛИМПИЯЛЫК ОЮНДАР - 1) Байыркы Грекиядагы элдик майрам жана мелдеш. Ал Олимпия ш-нда биздин заманга чейинки 776-жылдан биздин замандын 394-жылына чейин 4 жылда бир жолу өткөрүлгөн. 0. о-га кулдар, варварлар жана аялдар катыша алган эмес; 2) 1896-жылдан 4 жылда бир өткөрүлүүчү эл аралык ири спорттук мелдеш.
о-ды өткөрүү боюнча чечим 1894-жылы Парижде болгон эл аралык 1-атле-
„ „ тикалык конгресс-

Олимпиялык оюндардын эмб- „
те кабыл алынып, лемасы. ’
Эл аралык олимпиялык комитет (ЭОК) түзүлгөн. 0. о-дын негиздөөчүсү - фр. коомдук ишмер Пьер де Кубертен (1863-1937). Ал ЭОКтун президенти болгон (1896-1925). ЭОК бекиткен спорттун түрлөрү гана 0. о-дын программасына кирет. 0. о. 1896- жылдан төмөндөгүдөй өткөрүлүүдө: ~ 1-0. о. 1896-жылы 5-12-апрелде Афиныда өткөрүлүп, 14 өлкө катышкан. Марафонго жүгүрүү чебери С. Луис мыкты спортчу аталган. 2-0. о. Парижде 1900-жылдын 20-майынан 28-июнуна чейин өткөн. 24 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу деп жеңил атлетчи А. Кренцлейн табылган. 3- О. о. 1904-жылы 1-июль-23-ноябрда АКШнын СентЛуис ш-нда өткөрүлгөн. 12 өлкө катышкан. Эң мыкты спортчу болуп америкалык атлет Р. Юри белгиленген. 4-0. о. Лондондо 1908-жылы 22-апрелден 2-майга чейин өткөрүлүп, 22 өлкө катышкан. Мыкты оюнчу деп орус спортчусу Н. Панин-Коломенкин (муз тебүү боюнча) табылган. 5- 0. о. Стокгольмдо 1912-жылы 5-майдан 22-июлга чейин өтүп, 28 өлкө катышкан. Бул оюнда Финляндиялык жеңил атлетчи X. Колехмайнен эң мыкты аталган. 7-0. о. Антверпенде (Бельгия) 1920-жылы 20-август-12-сентябрь аралыгында өткөн. 29 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу болуп Финляндиянын жеңил атлетчиси П. Нурми табылган. 8-0. о. Парижде 1924-жылы 4-24- майда өткөн. 44 өлкө катышкан. Дүйнөнүн эң атактуу оюнчусу деп 2-ирет П. Нурми аталган. 9-0. о. Амстердамда (Нидерланд) 1928-жылы 17-
майдан 12-августка чейин өткөрулүп, 46 өлкө мелдешкен. Сууда сүзүү боюнча америкалык спортчу Ж. Вейсмюллер эң мыкты спортчу аталган. 10-0. о. Лос-Анжелесте 1932-жылы 30-июлдан 14-августка чейин өткөн. 37 өлкө катышкан. 10000 мге жүгүрүүдө Польшанын өкүлү Я. Кусочинский эң мыкты деп табылган. 11-0. о. Берлинде 1936-жылы 1-16-августта өткөрүлгөн. 49 өлкө катышкан. Америкалык жеңил атлетчи Ж. Оуенс эң мыкты делген. 6-0. о. (1919), 12- (1940) жана 13-0. о. (1944) өткөн эмес. 14-0. о. Лондондо 1948-жылы 29- июль-14-августта өткөн. 59 өлкө катышкан. Мында нидерланддык Ф. Бланкерс-Кун мыкты оюнчу аталган (жүгүрүү боюнча). 15-0. о. Хельсинкиде (Финляндия) 1952-жылы 19-июлдан 3-августка чейин өткөрүлгөн. Ага 69 өлкө катышкан. Мында СССРдин курама командасы 1-жолу мелдешке чыккан. Чехословакия стайери Э. Затопек эң мыкты аталган. 16-0. о. 1956-жылы 22- ноябрь-8-декабрда Мельбурнда (Австралия) өткөн. 67 өлкө катышкан. Советтик стайер В. Куц эң мыкты деп табылган. 17-0. о. Римде 1960-жылы 25-август-11-сентябрда өткөн. 83 өлкө мелдешкен. Советтик оор атлетчи Ю. Власов атактуу оюнчу аталган. 18-0. о. 1964-жылы 10-24-октябрда Токиодо өткөрүлгөн. Ага 93 өлкө катышкан. Эфиопиялык атлетчи А. Бикила эң мыкты оюнчу аталган. 19-0. о. Мехикодо 1968-жылы 12-27-октябрда өтүп, 112 өлкө катышкан. Америкалык Б. Бимон эң даңктуу делген (узундукка секирүү боюнча). 20-0. о. Мюнхенде (ГФР) 1972-жылы 26-август-11- сентябрда өткөн. 121 өлкө катышкан. Америкалык суучул М. Спиц эң мыкты аталган. 21-0. о. Монреалда (Канада) 1976-жылы 17-июлдан 1-августка чейин өткөрүлгөн. 92 өлкө катышкан. Герман спортчу кызы К. Эндер, кубалык жеңил атлетчи А. Хуантарена, румыниялык гимнастка Н. Комэнеч эң мыкты аталышкан. 22-0. о. 1980-жылы 19-июлдан - 3-августка чейин Москвада, айрым мелдештери Ленинград, Киев, Минск, Таллинде өтүп, 80 өлкө катышкан. Бул 0. о-да Кыргызстандын спортчулары К. Осмоналиев, А. Мелентьев, Т. Колпаковалар чемпион болушкан. А. Блинов күмүш, С. Жуманазаров коло медалЬ алышкан. 23-0. о. Лос-Анжелесте 1984-жылы өткөн. 140 өлкө мелдешкен. Жеңил атлетчи К. Льюис эң мыкты аталган. 24-0. о. Сеулда 1988-жылы 17-сентябрь-2-октябрда өткөн. 160 өлкө катышкан. Жердешибиз М. Ж. Кулчунова-Пинигина эстафетага чуркоодо 1-орунду ээлеп, олимпиялык чемпион болгон. 25-0. о. 1992-жылы 25-июль-9-августа Барселонада өткөрүлүп, 173 өлкө катышкан. СССР жоюлгандыктан, КМШ курама командасы деп алышкан. 26-0. о. Атлантада (АКШ) 1996-жылы 19-июль-5-августта өткөн. 197 өлкө ат салышкан. Түркиянын оор атлетчиси Н. Сулейманоглы эң мыкты спортчу аталган. 33 спортчудан турган Кыргызстандын курама командасы 1-жолу О. о-га өз алдынча катышкан. 27-0. о. Сиднейде 2000-жылы 15-сентябрь-1- октябрда өткөн. Ага 199 өлкө катышкан. Кыргндын 51 спортчусу спорттун 10 түрү боюнча мелдешкен. А. Смагулов дзюдо боюнча коло медаль алган. 28-0. о. Афиныда 2004-жылы болуп, 201 өлкөдөн 11625 спортчу ат салышкан. Б. Фишер эң мыкты деп табылган. Кыргызстандын спортчуларынан Г. Чхаидзе гана 5-орунду алган. 29-0. о. 2008-жылы Пекинде өткөн. Кытайдын курама командасы АКШ, Россия өндүү лидер командалардан озуп, 51 алтын медалы менен биринчиликти жеңип алган. Эң мыкты спортчу деп суучул М. Фелпс табылган. Кыргызстандын спортчулары К. Бегалиев (күмүш медаль), Р. Тумөнбаев (коло медаль) грек-рим күрөшү боюнча мыкты көрсөткүч жаратышты. 30-0. о. Лондондо 2012-жылы 27- июль - 12-август аралыгында өтүп, ага дүйнөнүн 201 өлкөсү катышкан. Кыргызстандан 14 спортчу барган.