ОЛИМПИАДА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛИМПИАДА (грекче 01утр1аз, О1утр1а<1о8) - биздин замандын 394-жылына чейин Байыркы Грекияда колдонулган жыл эсептөө бирдиги; биринчилик үчүн (спорттук, билим, музыка боюнча ж. б.) мелдеш. 1) олимпиялык оюндар ар бир 4 жылда өтөт (байыркы гректерден бери). Тарыхчы Тимей 0. боюнча жыл эсебин киргизген (биздин заманга чейинки 264-ж.). Биздин заманга чейинки 776-ж. биринчи О. жылы деп алынган; 2) азыркы учурда эл аралык ири спорттук комплекстүү мелдеш; 3) Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) өткөрүүчү шахмат боюнча дүйнөлүк командалык биринчилик; 4) 1920-40-жылдары СССРде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын конкурстары менен кароолорунун аталышы.
Кыргызстандагы алгачкы музыкалык 0. 1936-жылы, кийинки жылдары мезгил-мезгили менен өткөрүлүп келген; 5) билим тармагы боюнча айрым тапшырманы жакшы аткаруу үчүн окуучулардын таймашы. Кыргыз ССРинде алгачкы О. 1961-жылы Фрунзеде математика боюнча өткөрүлгөн. Андан кийин жылына физика, химия, математика ж. б. предметтер боюнча мектеп окуучуларынын ш-дык, р-ндук, обл., респ. 0-сы өткөрүлүп турат.