ОЛИГОФРЕНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОЛИГОФРЕНИЯ (олиго... жана грекче рЬгёп - акыл)— тубаса же төрөлгөндөн 3 жашка чейин пайда болгон кем акылдык. Ага психикалык жактан кемчилдик жана оорулуунун начар өсүшү мүнөз­дүү. Мээ сезгенгенде психикалык өсүү кечендеп, сүйлөө, угуу ж. б. бузулат. 0-нын пайда болу­шу генетикалык жактан да шартталышы мүмкүн (к. Ту­кум куума оорулар). 0. эле организмде зат ал­машуунун бузулушу, түйүлдүккө түрдүү зыян­дуу заттардын таасири, ымыркайдын төрөттөн жабыркашы ж. б. себеп болот. О-да баланын таанып-билүүсү, ой жүгүртүүсү ж. б. жетишсиз болуп, көпчүлүк учурда сезүү, кыймыл органда­ры да начарлап, айрым орган жана

системалар­дын өсүшүндө кемчилдиктер (бойдун өспөй ка­лышы, дененин, баш сөөктүн туура эмес түзүлү­шү, жыныстык жактан кеч же эрте жетилүү) байкалат. Кем акылдык даражасына жараша идиотия, имбецилдүүлүк, дебилдүүлүк болуп айырмаланат. О-дан жапа чеккендер врачтын көзөмөлүндө болууга тийиш. Алдын алууда боюнда бар аялдарды, жаш балдарды травма­дан, жугуштуу оорулардан, уулануудан сактоо­го зарыл.