ОЛИГАРХИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЛИГАРХИЯ (грекче о11§оз - азчылык, агсЬё - бийлик) - бийликтин бир түрү; колуна чексиз байлык топтогон аз сандагы кишилердин үстөм­дүк кылышы. «О.» терминин алгач байыркы грек философтору Платон менен Аристотель кир­гизген. Алардын ою боюнча бийликтин «байлар үстөмдүк кылып, кедейлер башкарууга катыша албаган» түрү. О. бир нече түргө бөлүнөт: 1) көп­чүлүктүн колунда байлыктын ченемдүү болушу менен жогорку бийликтин мыйзамга баш ийишин колдоо; 2) азыраак адамдардын колуна көп бай­лыктын топтолушу менен өзүн колдогондорду бий­ликке жеткирүүгө аракет жасоо ж. б. О-нын өзгөчө формасы плутократия болуп эсептелет.