ОЛИВЬЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЛИВЬЕ Лоуренс Кемрр (О1ги1ег, Ьаигепсе) (22. 5. 1907, Суррей Доркинг, - 11. 07. 1989, Улуу Британия Батыш Суссекс, Стайнинг) - англис актёру, театр жанакино режиссёру. Э. Фожертининин жетекчилиги

менен Борбордук декламация жана драма искусствосу мектебин бүтүргөн. 1926-28-ж. Бирмингем, кийин Лондон жана Нью-Йо р кт у н театрларында иштеген. 1929-жылдан киного тартылган. «ОлдВик» (1944-49, Р. Ричардсон жана Ж. Варрелл менен бирге), «Сент-Жеймсес-тиэтр» (1951-52), «Чичестер фестивал тиэтр» (1962-63), Улуттук (1963- 73) театрларда жетекчи, режиссёр болуп иштеген. У. Шекспирдин драмаларынан Гамлет, Ричард III, Генрих V, Тит Андроник, Кориолан, Отеллонун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.