ОЛЕФИНДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЛЕФИНДЕР,алкендерачык чынжырлуу, молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддордун гомол. катары, жалпы формуласы СпН2п. Ациклдүү бирикмелерге кирет. Эң жөнөкөй өкүлү - этилен СН2=СН2, кээде алар этилен углеводороддору деп аталат. 18-к-да этилен менен хлордун реакцияга киришинен май сыяктуу суюктук (дихлорэтан) алынган. Ошондуктан голландиялык окумуштуулар этиленди олефин, ал эми жалпы бул класска тиешелүү бирикмелерди олефиндер деп аташкан. Женева номенклатурасы боюнча О-дин аты тийиштүү каныккан углеводороддордун атындагы -ан мүчөсү -ен менен алмаштырылып, кош байланыштын орду сан менен көрсөтүлөт. Мисалы, этан этен, пропан—>пропен, бутан->бутен-1 (СН=СН-СН2-СН3) жана бутен-2 (СН3-СН=СН-СН3). Ошондуктан аларга алкендер деген жалпы ат берилген. Бутенден баштап катарда структуралык изомерлер башталат. Физикалык касиети жагынан каныккан углеводороддордон айырмасы азыраак. С2Н4төн С4Н8ге чейинки О. - газ. С18Н36га чейин - суюктук, андан кийинки өкүлдөрү - катуу заттар. Алар сууда эрибейт, углеводороддордо жана эфирде жакшы эрийт. Алкандардан айырмаланып, химиялык реакцияга активдүү кирет. Аларга кошуп алуу, полимерленүү реакциялары мүнөздүү. 0. кош байланышына галогендерди, галогендүү суутектерди, сууну оңой кошуп алат. Окистендирүүдөн гликолдор (этиленгликоль ж. б.) пайда болот. 0. оңой сополимерленет жана баалуу заттарды (полиолефиндер, полиэтилен, полиизобутилендер ж. б.) берет. О. - эл чарбасы үчүн керектүү заттарды алууда негизги баштапкы заттар. Ошондуктан алар көбүнчө синтез жолу менен, ө. ж-да алкандарды крекингдөө жана дегидрлөөдөн ж. б. жолдор менен алынат. 0. нефтихим. синтезде, пластмасса, синтездик каучук, химиялык булалар ж. б. заттарды алууда кеңири колдонулат.