ОЛЕИН КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЛЕЙН КИСЛОТАСЫ, СН3(СН2)7-СН = =СН (СН2)7СООН - каныкпаган бир негиздүү карбон кислотасы; түссүз, илээшкек, суюктук, кай­ноо 1225-226°С, тыгыз. 0,825 г/см3 (20°С). Жа­ныбар, өсүмдүк майларында триглицерид тү­рүндө кездешет. Бадам майында 75%, пальма майында 41-48% , күн карама майында 33% ти түзөт. О. к. менен бирге линол жана линолен кислота­лары кездешет. Алардын аралашмасынан таза 0. к. фракция жолу менен бөлүнүп алынат. Кээ бир учурда майларды гидрогендөө менен линол жана линолен кислоталарын О. к-на чейин калыбы­на келтирип алынат. О. к-нын эфирлери жана гли­цериддери, лак, эмаль, олиф, боёк алууда, кээ бир эфирлери пластификатор катары колдонулат. Анын туздары самындын курамына кирет.