ОЛДРИЖ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЛДРИЖ Жеймс (10. 7. 1918-жылы туулган, Австралия Виктория, Уайт-Хилс) - англ. жазуучусу, коомдук ишмер. Мельбурн коммерциялык коллежинде окуган. Аскердик кабарчы жана журналист катары 2-дүйнөлүк согуш майдандарында калемин такшалткан. «Кавказ жөнүндөгү ыр» (1942) деген көркөм репортажы, «Бедел кадыры» (1942), «Деңиз барчыны» (1944) романдары, «Көп адам тууралуу» (1946) новелла цикли фашизмге каршылык көрсөткөндүктөрдүн эрдиги жана жеңиштен кийин өзгөрүштөрүн баяндайт. «Дипломат» (1949; Тынчтыктын алтын медалы, 1953), «Мергенчи» (1950), «Ээн горизонт ээлери» (1954), «Анын өлүмүн каалабайм» (1957), «Акыркы куугун» (1963) романдары, «Бөтөн жердин уулу» (1962), «Опурталдуу оюн» (1966) экилтиги ж. б. чыгармалары бар. Айрым чыгармалары экрандаштырылган.