ОКШОШТУК (геометрия): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКШОШТУК геометриядагеометриялык фигуралардын өз өлчөмдөрүнө көз карандысыз бирдей формага ээ болорун мүнөздөөчү түшүнүк. Эгер жана Р, фигуралардын чекиттерине өз ара бир маанилүү туура келүүчүлүктү коюуга мүмкүн болуп, ал чекиттердин ортосундагы аралыктардын катышы туруктуу к санына барабар болсо, анда фигуралар окшош деп аталат. к - О. коэфф-и. Окшош фигуралардын аянттарынын катышы О. коэфф-инин квадратына, ал эми көлөмдөрүнүн катышы 0. коэфф-инин кубуна барабар. Эгер тегиздиктин бардык фигураларын бир О. коэффициент боюнча окшош фигураларга айландырып өзгөртсөк, андай геометриялык өзгөртүү окшош өзгөртүү деп аталатынча Окшош өзгөртүү - аффиндик өзгөртүүнүн айрым учуру. О. жана окшош өзгөртүүлөр техникада, чийме чийүүдө, моделдөөдө колдонулат.