ОКУЯНЫН ЧЕЧИЛИШИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКУЯНЫН ЧЕЧИЛИШИ - сюжеттин элементтеринин бири, көбүнчө чиелеништен кийин келүүчү бүткүл кыймыл-аракеттин өсүп-өнүгүшүнүн акыркы жыйынтыгы, мүнөздөр күрөшүнүн соңуна чыгышы, конфликтинин чечилиши. Сюжеттин бул элементи түздөн-түз окуянын мурдагы жүрүшүнүн натыйжасынан келип чыгат. «Жамийлада» башкы каармандардын качып кетиши - О. ч.