ОКУТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКУТУУ — окуучуларды билим алууга, аны өздөштүрүүгө үйрөтүүнүн, жашоого жана эмгекке даярдоонун негизги жолу. О. процессинде би­лим берүү жана тарбиялоо ишке ашырылат. Би­лим алуу окуу жайларда гана эмес, үй-бүлөдө, үй-тиричиликте, өндүрүштө ж. б. жерлерде да жүргүзүлөт. Билимди өз алдынча алууга да бо­лот. 0-нун мазмуну жана мүнөзү коомдун мате­риалдык жана маданий өнүгүшүнүн деңгээлине жараша аныкталат. Коомдун өнүгүшүнүн ар кан­дай этаптарында 0-нун максаты менен методдору коомдук мамиленин өнүгүшүнө жараша өзгөрүп турат. 0. методу негизинен мугалимдин жана окуучулардын аракеттерине - лекция, адабий чыгарма, окуу китеби боюнча иштөө, тажрыйба жүргүзүү, көрсөтмө курал колдонуу, көнүгүү жасоо ж. б. заманбап техникалык каражаттарга жара­ша мүнөздөлөт. 0. - жекече, класстык, курстук, семинардык, лекциялык ж. б. багыттарда жүр­гүзүлөт, к. Окутуу методикасы.

Ад.: Скаткин М. Н. Совершенствование процесса обучения. М., 1971.