ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1917) 1917-жылы фев­ралда Россияда буржуазиялык-демокр. революция жеңип,

эски мамлекеттик система кулаган, бирок өлкө терең кризистик абалда калган. Экономикалык бүлунүү күчөгөн. Мурунку социалдык-экономикалык проблемаларга: согуш жана тынчтык, жумушчу, агрардык жана улут ма­селелери, бийлик, мамлекеттин келечектеги түзүлүшү жана кризистен чыгуунун жолдору ж. б. кошулган. Февралдан октябрга чейинки Россия­нын тарыхындагы өзгөчө учур болуп эсептели­нип, эки этапка бөлүнөт. Биринчи (1917-жылы март-июлдун башы) кош бийлик мезгили, Убак­тылуу өкмөт өзүнүн иш-аракеттерин Петроград Совети менен макулдашып аткарып, эл массасы­нын кеңири колдоосуна ээ болгон. Экинчи этап­та (1917-жылы июль - 25-октябрь) кош бийлик жоюлган. Убактылуу өкмөттүн бирдиктүү бий­лиги орноп, ал либералдар (кадеттер), социа­листтер (эсер, меныпевиктер) менен коалиция түзгөн. Бирок бул саясий альянс коомду консо­лидациялоого жеткире алган эмес. Өлкөдө со­циалдык чыңалуу курчуган. Монархисттер жана оңчул буржуазиялык партиялар өлкөдө согуштук дик­татуранын орношун кубатташкан. Солчул боль­шевиктер саясий бийликти басып алууга ара­кеттенип, «Вүткүл бийлик Советтерге!» деген ураан астында, саясий бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көрө баштаган.

РСДРП (б) БКнын 10-октябрдагы отуруму ку­ралдуу көтөрүлүш жөнүндө резолюция кабыл ал­ган. Бул чечимге БКнын мүчөлөрү Л. Б. Каме­нев жана Г. Е. Зиновьев каршы болушкан. Алар куралдуу көтөрүлүшкө чыгуу али эрте, келечек­теги уюмдаштыруу чогулушуна болыпевик­тердин таасирин күчөтүүнүн үстүнөн иштөө керек дешкен. В. И. Ленин болсо токтоосуз саясий бийликти куралдуу көтөрүлүш аркылуу алуу талабы менен чыгып, бул сунуш колдоого ээ болгон. 12-октябрда Петроград Совети, Аскер­дик-революциялык комитет (АРК) түзүлүп, төрагалыгы­на Л. Д. Троцкий дайындалган. АРК Советтер­ди аскердик төңкөрүштөн жана Петроградды не­мистик оккупациядан сактоо максатында түзүл­гөнү менен, иш жүзүндө куралдуу көтөрүлүштү даярдоочу борборго айланган. Убактылуу өкмөт болыпевиктерге каршы турууга аракеттенген. Бирок алардын аброю коомчулукта төмөн бол­гондуктан, элден колдоо тапкан эмес. Петроград горнизону АРК тарапка өтүп кеткен. 24-октябрда солдаттар жана матростор, жумушчу-кызыл гвар­диячылар шаардагы негизги администрациялык мекемелерди ээлей баштаган. 24-октябрда өкмөт Кышкы са­райда курчоодо калган. Түндүк фронттон кошум­ча аскер күчтөрдү алып келүү үчүн А. Ф. Ке­ренский эртең менен Петрограддан чыгып кеткен. 25-октябрда АРК «Россия жарандарына» деген кайрылуу менен чыккан. Кайрылууда Убактылуу өкмөт кулатылып, бийлик петрограддык АРК­га өткөндүгү айтылган. 25-октябрда кечке жуук Советтердин II Жалпы россиялык съезди өз ишин баштап, 26-октябрга караган түнү Кыш­кы сарайда Убактылуу өкмөттүн министрлери камакка алынган. 26-октябрда кечинде съезд бир добуштан «Тынчтык жөнүндө декрет» ка­был алып, бардык согушуп жаткан өлкөлөрдү аннексиясыз жана контрибуциясыз демокр. тынч­тыкты түзүүгө чакырган. Чакырыкта падыша жана Убактылуу өкмөт тарабынан кол коюлган жашыруун, дипломатиялык, дагы ушул сыяк­туу келишимдерден баш тартуу жагы каралган. 26-27-октябрга караган түнү «Жер жөнүндө дек­рет» кабыл алынган. Декрет дыйкандардын та­лаптарын эске алуу менен агрардык маселени че­чүүдө эсердик программага таянган. Жерге бол­гон жеке менчикти жоюу, бүткүл жер жана анын кен байлыктарын улутташтыруу маселеси ка­ралган. Помещиктердин жана ири жер ээлөөчүлөр­дүн жерлери конфискацияланып, жер жергиликтүү дый­кандар комитетине жана уезддик дыйкандар депутат­тар советине өткөрүлүп берилген. Жерди иште­түүдө жалданма эмгекти пайдаланууга жана жер­ди ижарага алууга тыюу салынган. Бардык оп­позициячыл басма органдары жабылган; Жа­рыяга мамлекеттик монополия киргизилген; басма сөз трибуналы түзүлгөн. Россияда улуттардын өз ал­дынчалыгы, өз тагдырын өзү чечүүсү тааныл­ган; сословиелик катмарлар, мамлекеттик чиндер менен наамдар жоюлган; губерниялык жана шаардык советтерде революциячыл трибуналдар түзүлгөн; иш­каналарда өндүрүшкө жумушчу контролу кир­гизилген; саботаж, кызыл кулак жана контр­революция менен күрөшүү боюнча Бүткүл россиялык атайын комиссия (ВЧК) түзүлгөн; православие чиркөөсү мамлекеттен, мектеп чиркөөдөн бөлүнгөн.

Съездде бир партиядан турган большевиктйк өкмөт - ЭКС түзулүп, солчул эсерлер өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тартышкан. Биринчи совет өкмөтүн В. И. Ленин жетектеген. Съезде Жалпы россиялык Борбордук аткомунун (ЖБАК) жаңы курамы шайланып, О. р-сы жеңиш менен аяктаган. Тарыхчы-болыпевиктер аны Улуу Ок­тябрь Социалисттик революциясы деп атаган. 1917-жылы О. р-нын натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик, саясий, идеол., коомдук-экономикалык түзулүшү түп-тамыры менен өзгөрүп, капитализм жоюлган жана социалисттик коом тү­зүлгөн. Ошондой эле О. р. эл аралык мамилелер система­сына терең өзгөртүү киргизип, дүйнөдө революциячыл процесске жана улуттук-боштондук кыймылдын өнүгүүсүнө түрткү берген. К. А. Алымкулов.