ОКТУК ЖҮК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКТУК ЖҮК — автомобилдин огуна жана жолдун бетине туура келүүчү жүктүн оордук салмагы (басымы). О. ж-төрү чоң болгон автомобилдер жолду тез бузат. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө жүк ташуучу автомобиль жана автопоезддердин О. ж-төрү чектелген. КМШ өлкөлөрүндө О. ж. боюнча бардык автомобилдер жана автопоезддер эки топко (А жана Б) бөлүнөт. А тобуна 1-жана-2 категориядагы (бети асфальтталып, негизи бышык жасалган) жолдор, ал эми Б тобуна автомобилдер жана автопоезддер жүрүүчү бардык жол тармактары кирет. Автомобилдин окторунун ортосундагы аралык 3 м же андан ашык болгон учурда автомобилге жана чиркелмеге уруксат кылынуучу О. ж. - А тобу үчүн 100 кН (10 тонна-күч.), Б тобуна - 60 кН. Эгерде октордун ортосундагы аралык 3 ждён аз болсо, О. ж. А тобу үчүн 90 кН, Б тобуна 55 кНго азайтылатынча Ал эми автобустар үчүн бул көрсөткүчтөр бир топ жогорулатылган.