ОКТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКТАН СН3(СН2)6СН3 - каныккан ациклдүү уг­леводород; бензин жыттанган, түссүз суюктук. Кайноо 1 125,7°. Нефтиде, ошондой эле СО менен Н2ден синтезделип алынган бензинде көп өлчөмдө бо­лот. Ө. ж-да ректификация жолу менен алынат. Химиялык касиети парафендерге окшош. 0-ды пиро­лиздөөдөн метан, этан, этилен пайда болот. 450- 500°С температурада катализдин катышуусунда о-ксилол жана этилбензолдун аралашмасы алы­нат. 0-дын 17 изомери белгилүү.