ОКСИУРОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКСИУРОЗ (Охуигозгз) - сыңар туяктуу малдын (жылкы, эшек) инвазиялуу ылаңы. Охуиыз уруусундагы жумуру курт пайда кылат. Ылаң козгогуч курт (эркегинин узундугу 6-19 мм, ургаачысыныкы 24-180 мм) жоон ичегиде мителейт. Ылаң тоют менен кошо инвазиялуу жумурткаларды жегенде, куйругунун кычышкан түбүн тиши менен кашыган кезде ж. б. жугат. Ылаңдын белгилери: жылкынын денесинде кычыткы пайда болот, куйругунун түбүн көрүнгөн нерсеге сүрүп, кашый баштайт, жүнү түшүп, дерматит болот, ичегинин иштеши бузулат, арыктай баштайт. Дарылоодо төрт хлорлуу углерод, тимол, тиабендазол берилет.