ОКСИКИСЛОТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКСИКИСЛОТАЛАР, оксикарбон кислоталары- молекуласынын курамында бир же бир нече гидроксид (-ОН) жана карбоксил (-СООН) топтору бар орк бирикмелер. О. радикалдын түзүлүшунө жараша каныккан, каныкпаган, циклдүү, ароматтык жана гетероциклдүү болуп бөлүнөт. 0-дын молекуласындагы карбоксил тобунун саны негиздүүлүгүн, эркин турган гидроксид тобу менен карбоксил тобундагы гидроксид тобунун суммасы
атомдуулугун көрсөтөт. Ушул белгилери боюнча бир негиздүү 2 атомдуу, эки негиздүү үч атомдуу ж. б. болуп бөлүнөт. Мисалы, шарап кислотасы - СООН- -СНОН-СНОН-СООН эки негиздүү төрт атомдуу О-га тиешелүү. Жөнөкөй О. илээшкек суюк же кристалл түрүндө болот. Сууда жакшы эрийт. О. өсүмдүктөрдө кеңири таркалган. Көпчүлүгү оптикалык активдүү. Спирттерге же кислоталарга мүнөздүү касиеттерден башка дагы өздөрүнө гана мүнөздүү касиеттерге да ээ. О-ды ысытканда татаал эфирлер - лактиддер, чексиз карбон кислоталары жана лактондор алынат. О. галоген кислоталарды гидролиздеп, каныкпаган карбон кислоталарына суу кошуп, амин кислотарларга азоттуу кислотаны таасир кылуудан, оксинтирилдерди гидролиздөөдөн алынат. О. тамак-аш ө. ж-нда, медицинада, фармацефтикада кенири колдонулат.