ОККУЛЬТИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОККУЛЬТИЗМ (латынча оссиИиз - жашыруун, ыйык сакталган) - дүйнөдө илимдин кудурети жетпеген күчтөрдүн феномендеринин бар экенин тааныган жана алар менен иш жүзүндө өз ара алака­лашуунун практикалык жолун таап иштеп жат­кан окуунун аталышы. Философиялык планда О. дүй­нөнү кандайдыр бир кубаттуу, токтотууга мүм­күн болбогон улуу күчтөрдүн динамикасы ката­ры караган гилозоизм менен панпгеизмге жакын­дап кетет. Тарыхта О. түшүнүгүнүн көлөмү, маз­муну жана ролу көп жолу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Маданиятын өнүгүшүнүн ар кыл этаптарын­да О. илим, философия, дин тармактары менен көп учурда талаш пикирде. О-дин көп жакта­ры азыркы кездеги илимдин жетишкендиктери менен төгүндөлүүдө.