ОКИНАВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКИНАВА - Рюкю архипелагындагы эң ири арал, Японияда. Аянты 1254 км2. Жээктери булуң-буйткалуу, шуру рифтери менен курчалган. Тынч океан жана Чыгыш Кытай деңизи менен чулганат. Жеринин бети жапыз тоолуу, деңиз деңгээлинен бийиктиги 498 мте чейин; ошондой эле түздүктүү. Климаты тропиктик, муссондук, жылдык жаан-чачыны 1300-2000 мм. Басымдуу бөлүгүн ээлеген нымдуу тропик токоюнун көп жерин бадал, бамбук токойлору ээлейт, ошондой эле шалы палдары, ананас, батат жана бал камыш менен алмашкан. Негизги борбору - Наха порт шаары.