ОКЕАН ТАМАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКЕАН ТАМАНЫ - Дүйнөлүк океан түбүнүн эң кеңири бөлүгү, материктин суу астындагы чет­жакасы менен чектешет (океан ортолук кырка тоо­лорду кошпoroндо). Аянты 193,8 миллион км2 (кур­гактыктын аянтынын 38% ке жакыны); анын 116,6 миллион кл«2и Тынч, 34,2 миллион к.и2и Атланти­ка, 39,6 миллион км2и Инди, 3,4 км2и Түндүк Муз океан­дарына туура келет. О. т. планеталык морфо­структурага ээ; ал океан платформасына дал келгендиктен, жер кыртышынын тектоникалык кый­мылы тынч абалда, айрым жерлерине гана (Шри­Ланка а-нан түштүк-чыгышты карай) жанартоо атылуулары мүнүздүү. Түрдүү морфол. көтөрү­лүштөр менен бөлүнгөн чуңкурдуктардан (эң ири­си Тынч океандагы Түндүк-Чыгыш чуңкурдугу) ту­рат. Чуңкурдуктардын таманын абиссаль туз­дуктөру (тереңдиктери 2000-6000 м) ээлейт. Түз­дүктөр океан ортолук кырка тоолордон океан­дын чет-жакасын карай закон ченемдүү өзгөрөт. Океан ортолук кырка тоолордун уландысын дөң­сөөлүү абиссаль түздүктөрү (салыштырмалуу би­йикт. 500 м, туурасы 10 кмге чейин) түзөт. Тынч океанда абиссаль дөңсөөлөрү 80% ке чейинки аянтты ээлейт. Көбүнчө алар магма тектеринен түзүлүп, жакын жайгашкан океан ортолук кыр­ка тоолордун огуңа жарыш, айрым учурда ирет­сиз жайгашат. Абиссаль дөңсөөлөрүнүн релье­фи чөкмөлөрдүн эсебинен (материктин чет-жа­каларында, биопродукттуулук жoroру зоналар­да, океандагы аракеттеги жанартоо аймактарын­да) акырындык менен басырылып, тегизделип тар­мал жана тайпак абиссаль туздүктөрүнө. айланат.

О. т-ндагы көтөрүлүштөрдүн бийикт. бир нече кмге, туурасы жүздөгөн кмте, уз. миңдеген клгге жетип, бир нече типтерге бөлүнөт. К е л к и кырка тоолор эң кеңири таралып, морфол. түзү­лүшү жаракалар менен бөлүнгөн жазы жалдардан турат. Жалдын чокусунда өчкөн жана аракетте­ги жанартоолор (Тынч океандагы Гавайи кыр­ка тоосу) бар. Келки кырка тоолордун чокусу тайпак, капталдары тик келет (Инди океанын­дагы Чыгыш Инди тоосу). Океан плато­л о р у плато сымал жайпаң кырлардан, тик капталдардан турат (Тынч океандагы Маники­хи). Океан дөңсөөлөрү начар тил­меленген беттен жана жантайма капталдардан турат (Тынч океандагы Шатский дөңсөөсү). Океан жалдары түз сызык боюнча көтөрүлөт

(Тынч океандагы Эауриндер жалы). О к е а н­дын чет-жакасындагы жалдар капталдагы кобулдарды жээктеп, аларга жарыш жатат (Тынч океандагы Зенкевич жалы).

О. т-на суу астындагы обочо тоолор мүнөздүү, алардын айрым чокулары суунун үстүндө болуп, аралдарды пайда кылат. Аларды негизинен өчкөн жанартоолор, чанда жердин тектоникалык көтөрүлүштөру тузөт.

О. т-ндагы абиссалъ чөкмөлөру (карбонаттуу, кремнийлүү, чополуу ж. б. чөгүндүлөр, океан­дын тереңиндеги кызыл чополор) бийиктик жана кеңдик климаттык зоналар боюнча таралган. Дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрүндө чөкмөнүн ка­лыңдыгы 100-200 м болсо, океан дөнсөөлөрүндө 1-2 клгге чейин жетет. О. т-нан кен байлыктар табылган. Терең чуңкурдуктардын таманында темир-марганец бирикмелери кездешет, аларда марганец, никель, жез жана кобальт ж. б. эле­менттер бар. Океан ортолук кырка тоолор менен чектешкен ойдуңдар темир, жез, цинк ж. б. ме­таллдарга бай.

Ад.: Леонтьев О. К. Морская геология. М., 1982; Удинцев Г. Б. Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; Кеннет Дж. П. Морская геология. Т. 1-2. М., 1987. Ложе океана // Болыпая Российская энциклопе­дия. Т. 17. М., 2010. Ш. Качаганов.