ОКЕАНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКЕАНОЛОГИЯ (ркеан жана ...логия), о к е а н о­г р а ф и я - Дүйнөлүк океандагы физикалык, химиялык, геол. жана биол. процесстер жөнүндөгү илим. 0-нын негизги тармактары: океан физикасы­океан жана деңиз сууларындагы физикалык процесстер­ди, океан менен атм-нын өз ара аракеттенүү закон ченемдеринин; океан химиясы­океан- дагы химиялык заттардын алмашуу жана трансфор­мациялануу закон ченемдеринин, ал заттардын химиялык балансын; океан биологиясы­биомассанын пайда болууга, биомассаны жана организмдердин маанилүү түрлөрүнүн жылдык

продуктуулугунун, океандын биол. продуктуу­лугунун жөнгө салынып туруу закон ченемде­рин; океан геологиясы­океан түбүндөгү жана анын астындагы геол. процесстер­дин жана кен байлыктардын пайда болуу закон ченемдерин изилдейт. О-нын башкы максаты - деңиз үстүндө жана астында кеме жүрүүнүн кооп­суздугун камсыз кылып, натыйжалуулугун жо­горулатуу, океандын биол., минералдык жана энергия ресурстарын пайдалануу, аба ырайын прогноздоо ыкмасын өркүндөтүү.