ОКЕАНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКЕАНИЯ - Тынч океандын борбордук жана түш,- батыш бөлүктөрүндөгү аралдар (10 миңдей) тобу. Түндүк жарым шардын субтропик кеңдиктери менен Түштүк жарым шардын мелүүн кеңдиктеринин аралыгында жайгашкан. Аянты 1,26 миллион км2. Калкы 10,7 миллион (2010). Аралдардын көбү архи­пелагга биригип, субмеридиан багытында жай­гашкан. Эң ири аралдары - Жаңы Гвинея (анда 0-нын эң бийик жери Жая чокусу жайгаш­кан; бийиктиги 5029 м) менен Жаңы. Зеландия (0-нын 80% ин түзөт). О. көбүнчө Австралия материгине кошулат; кээде өзүнчө дүйнө бөлүгү катары ка­ралат.

О. Меланезия, Микронезия, Жаңы Зеландия жана Полинезияга бөлүнөт. Аралдардын көбү жанартоодон тоолуу; [Гавайи, Самоа, Маркиз, Коом, Кук (Түштүк), Тубуаи, Пасха ж. б.], шуру рифтеринен [ойдуңдуу; Маршалл, Каролина, Гилберт, Тувалу, Токелау, Кук (Түндүк), Феникс, Лайн Туамоту, Науру ж. б.] пайда болгон. Тоо­луу ири аралдары Тынч океан таманынын ба­тыш четиндеги геосинклиналь обл-ндагы арал­дар догосу системасына кирет. Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү аралдар базальттуу калкан­дарды, суудан чыгып турган чокулары бийик жанартоолорду (Гавайи а-ндагы Мауна-Лоа, Мауна-Кеа жанар тоолору) түзөт. Кен байлык­тары: никель (Жаңы Каледония), фосфаттар (Науру жана Туамоту), нефть (Жаңы Гвинея), алтын (Жаңы Гвинея, Фижи), таш көмүр (Жаңы Зеландия), жез (Бугенвиль а.). Климаты океан­дык, дайыма нымдуу, көбүнчө субэкватордук, экватордук, түштүгүндө субтропиктик жана ме­лүүн. Айлык орт. температурасы экватор зонасында 26-28°С, түштүгүндө февралда 16°Сден августта 5°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1000 жжден батышында 3000-4000 лыгге чейин, айдарым кап­талдарында 10 миң лыгден ашык. Жаңы Гвинея­нын тоолору менен Жаңы Зеландиянын түштүк а-нда мөңгүлөр (жалпы аянты 1000 кл2ден ашык) бар. Көл жана дарыялар негизинен ири аралда­рында кездешет. О-да кездешкен өсүмдүктөр палеотропик өсүмдүктөр дүйнөсүнө кирет. Тоо­луу аралдардын айдарым капталдарында да­йыма жашыл нымдуу токой, ылымта беттерин­де кургакчыл бадалдар, ксерофиль токою ба­сымдуу. Шуру аралдарын бадалдар, панданус, кокос пальмасы, нан жыгачтуу токойлор ээлейт. Фаунасы Полинезия обл-на кирет. Сүт эмүүчүлөр аз, ал эми курт-кумурскалар көп, эндемиктер да арбын. Канаттуулар базарлары бар. Жаны­барларды коргоо максатында коруктар уюш­турулган (эң ириси Жаңы Зеландиянын Түштүк а-ндагы Фьордленд коругу). Тропиктик дыйкан­чылык менен балыкчылык өнүккөн. О-дагы мамлекеттер: Вануату, Самоа Батыш, Кириба­ти, Науру, Жаңы Зеландия, Папуа-Жаңы Гви­нея, Соломон Аралдары, Тонга, Тувалу, Фижи. О-да ошондой эле Улуу Британиянын, Франциянын, АКШнын, Австралиянын жана Жаңы Зеландия­нын ээликтери бар.