ОК АТУУ СПОРТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОК АТУУ СПОРТУ - мылтык, тапанча жана жаа менен атуу боюнча спорттун түрү. Анын стенддик атуу жана жаа атуу деген түрлөрү бар. Азыркы О. а. с-нун программасына жөнөкөй бута атуу (бир атууга 1-3 мин берилет), фигуралык бута­ны тез атуу (бир атууга 3 сек же 5 атышка 20, 10, 8, 6, 4 сек) жана кыймылдуу бутаны («доңуз» же «бугу») атуу кирет. Мелдеш эки түрдөгү теге­рек жана траншеялык стенд-аянтчаларда өткө­рүлөт. Стенддик атууда көп убакыт атайын учу­рулган жапайы көгүчкөндөрдү атып мелдеш жүр­гүзүлгөн. Ошондуктан ал - мергенчилик спорту деп да аталган. 1980-жылдан баштап жасалма буталар колдонулат. О. а. с. боюнча 1897-жылдан дүйнөлүк чемпионат, 1923-жҢ1лдан жылыга бүткүл союздук мелдештер ө-ткөрүлүп турган, 1959-жылы 0. а. с-нун федерациясы негизделген. Спорттун бул түрү олимпиялык турнирлердин программасына киргизилген. КРде 0. а. с-нун чебери А. Мелентъев (СССРдин жана дүйнөнүн рекордсмени), Н. Мединская, В. Андреев ж. б. белгилүү.