ОКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКА — Волганын он куймасы. Россиянын ев­роп. бөлүгүндө. Узундугу 1500 км, алабынын аянты 2500 мин кл«2. Орто Орус дөңсөөсүнүн борбордук бөлүгүнөн башталат. Ири куймалары: Жиздра, Угра, Протва, Нара, Москва, Пра, Гусь, Клязь­ма (сол), Упа, Осётр, Проня, Пара, Мокша, Теша (оң). Бардык бөлүгүндө сайроондор кездешет. Негизинен кар (59% и), ошондой эле жамгыр суулары­нан (20%тен ашыгыраак) жана жер астындагы суулардан (20% ке чейин) куралат. Орт. чыгы­мы чатында 1300 м3/сек, эң көп чыгымы чаты­на жакын 20 000 м?/сек. Апрелден июнга че­йин суусу кирип, жайында жана кышында тар­тылат; күзүндө жамгырдан ташкындайт. Жо­горку агымында ноябрь - январдын башталы­шында, төмөнкү агымында октябрь - декабрда тоңуп, март - май айларында муздан арылат. Серпухов шаарынан баштап туруктуу кеме каттайт. Нугу шлюздаланган. Балык кармалат. Жээ­гиндеги башкы шаарлары: Орёл, Калуга, Сер­пухов, Коломна, Рязань, Муром, Нижний Нов­город (чатында). Ока бою - Тектирлүү коругу уюшулган.