ОЙ БУЛАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЙ-БУЛАК - Ысык-Көл облусунун Түп р-нундагы кыштак. Кутургу айыл аймагына караштуу. Түп булуңунун түндүк жээгине жакын, Күнгөй АлаТоонун этегинде, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1644 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 21 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 169 км. Калкы ЮООге чукул (2010); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, медпункт бар. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков туулган.