ОЗОН «ТЕШИГИ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЗОН «ТЕШИГИ» - Жердин озон катмарында­гы озон концент-сынын азайышы. Бул кубу­луш - озон катмарынын жукарышын туюнт­кан татаал экол. көйгөйлөрдүн эн башкылары­нын бири. Кубулушту алгач 1985-жылы Ж. Фар­ман жетектеген окумуштуулар тобу Антаркти­данын үстүнөн (диаметри 1000 кладан ашык) байкашкан. Кийинчерээк 1992-жылы андан кичи­рээк өлчөмүндөгүнү Арктикадан көрүшкөн. Атм­дагы озон концент-сынын азайышынын

негиз­ги факторлору антропогендик (мисалы, муздаткыч чыгаруучу ишканалар курамында хлор жана бром, көмүртек ж. б. бар кошулмаларды атм-га чыга­рат) жана табигый кубулуштардын (уюлда кыш мезгилинде күн нурунун дээрлик жок болушу, уюл шамалынын таасири, уюл кендигинен озон­дун өтүшүнө тоскоолдуктар ж. б.) натыйжасын­да келип чыгат. Алар атм-нын жогорку катма­рына көтөрүлүп, фотохим. ажыроодо хлор кыч­кылынын пайда болушу озонду бузат. Озон кат­марынын жукарышы жер бетине ультракыз­гылт көк нурлардын келишине көбүрөөк шарт түзөт. Ал бардык тирүү организмге терс тааси­рин тийгизет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык атм­дагы озондун 1%ке азайышы онкол. оорулар­дын (анын ичинде тери рагы) өсүшүнө алып келет. О. т. глобалдык экол. проблема болгондуктан, ал боюнча көптөгөн эл аралык илимий конференциялар («Озон катмарын коргоо» боюнча Вена конвенциясы, 1985; Монреаль протоколу, 1987 ж. б.) өткөн. Анда озон катмарына терс таасирлерди азайтуунун жана аны калыбына келтирүүнүн жолдору карал­ган. Учурда А_КШ менен Россияда озон катмары­нын жукаруу процессин басандатуу же аны ка­лыбына келтирүү (электр разряды, электр-маг­ниттик жана лазердик нурлантуу) боюнча бирдиктүү иш-чаралар көрүлө башталды, к. Виосферадагы глобалдык проблемалар, Глобалдык экология­лык проблемалар.