ОДОАКР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОДОАКР (болжол менен 431-15. 3. 493, Равенна) - Италиянын 476-493-жылдардагы королу. Скир аттуу германиялык уруудан чыккан. Батыш Рим империясында жалданма германиялык отряддардын бирин жетектеген. 476-ж. 23-августта Батыш Римдин акыркы императору Ромул Августулду тактан тушүрүп, өзүн Италия королу деп жарыялаган (бул окуя менен Батыш Рим империясынын кулашын байланыштырышат). 488-ж. Түндүк Италияга басып кирген остготтор Одоакр королдугун каратып алып, 0-ды 493-ж. остготтордун уруу башчысы Теодорих өлтүргөн.