ОДЕНСЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОДЕНСЕ - Даниядагы ири порт шаар. Оденсе д-нын боюнда (төмөнкү агымында), Фюн а-нда жайгашып, анын экономикалык жана маданий борбору. Калкы 161,0 миң (2010). Кеме куруу, электр-техникалык, текстиль, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, сүрөт музейи бар. Ыйык Кнуда собору (1300, 15-к-да курулуп бүткөн), Кудай эне (12-к.), Ионна чиркөөлөрү (15-к.), 16-17-к-дын курулуштары сакталган. О. - жазуучу жана жомокчу X. К. Андерсендин (үй-музейи уюштурулган) мекени. О-ге жакын жерде ачык асман астында «Фюн айылы» музейи жайгашкан.