ОГУЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОГУЗДАР - о. кылымдарда Ворб. Азияда жаша­ган түрк тилдүү уруулардын бирикмеси. 0-дын этимол. тарыхы толук изилдене элек. 0. деген аталыш алгачкы жолу о. кылымдардагы таш бетиндеги жазууларда (Енисейдин куймасы, Барлык өзөнүнүн жээги) кезиккен. Марвазшшн (1056-1120) эмгеги боюнча 0. он эки уруудан (же­дигер, казак, калча, катаган, кыргыз, кытай, кыпчак, коңурат, курама, маңгыт, нoroй, тай­чык) турган кыргыз, кимак, карлук, печенег (баджанак), кыпчак (хифджак) хазар, мадьяр­лар сыяктуу эле түрк уруулары болгон. Мах­муд Кашгари (11-к.) боюнча О-дын 22 уруудан тур­гандыгы, Рашид ад-Диндин эмгегинде («Жа­ми ат-Таварих») О. 24 уруудан куралгандыгы айтылат. 0. адегенде Жети-Суу чөлкөмүн жер­деп, кийинчерээк карлук, түргөш урууларынын кысымына байланыштуу Сыр-Дарыя жээгине (Кара-Тоо, Талас суусунун аягы) жер которуп, 6-к-да Кытайдан Кара деңизге чейинки аймак­ты ээлеген мамлекет курган. Огуз мамлекети­нин калыптанышы узак убакытты кучагына алып, Евразиянын тарыхына зор таасир тий­гизген. Алар 965-ж. Хазар кагандыгын, 985-ж. Волгадагы Булгар мамлекетин талкалашкан. Басып алган жерлерге оор салыктар салынган, натыйжада тез-тез көтөрүлүштөр чыгып, 0-дын алсырашына алып келген. Кийинчерээк селжук, кыпчак урууларынын күч алышы менен 0-дын көбү Чыгыш Европага жана Кичи Азияга жер которгон. Азыркы учурда огуз урууларына түрк, азербайжан, ирандык түрктөр, кашкай, кара­папах, шахсевен, кызылбаш, сонкор, халаж, хорасандыктар, божнурдин, афшар, каджар, түркмөн, трухмен, гагауздар кирет.

Ад.: Бартольд В. В. Очерк истории туркменского народа//Сборник «Туркмения». Л., 1929; Толс­товС.П. Огузы, печенеги, море Даукара //СЭ. 1950, № 4; Агаджаное С. Г. К этнической истории огузов Средней Азии и Казахстана//Известия АН Туркмен­ской ССР. 1977, № 4; Бизаков С. Ветви одного могу­чего дерева. А., 2002; Кусаинова М. А. История Ка­захстана. А., 2006; Байас Турал. Огуздар (Селчок жана Осмон империялары). Б., 2008.

Э. Турганбаев.