ОБРУЧЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОБРУЧЕВ Владимир Афанасьевич [28. 10. 1863, азыркы Тверь обл., Клепенино кыш. - 19. 6.

1956, Москва (Звенигород)] - орус совет геологу жана географы, СССР ИАнын академиги (1929), корр. мүчөсү (1927), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945), СССР Географиялык коомунун ардактуу президенти (1947). Петербург тоо-кен институтун бүткөн (1886). Томск (1901- 12), Симферополь (1919-
21) жана Москвадагы (1921-29) жогорку окуу жайларында проф. 1939-жылдан СССР ИАнын Тоң таануу институтунда директор, СССР ИАнын геол.- географиялык илимдери бөлүмүнүн академиялык секретары (1942-46). ЮООден ашык илимий эмгектин автору. Негизги илимий эмгектери Борбордук жана О. Азиянын лёсс топурактарынын пайда болушуна, Сибирдин муз каптоосу менен көп жылдык тоңуна, тектоникасынын жалпы маселелерине, алтын кендеринин геологиясына ж. б. тармактарга арналган. Илимге «неотектоника» терминин киргизгенетикалык О. - көптөгөн илимий-популярдуу китептердин («Чөлдөгү алтын издөөчүлөр», «Орто Азиянын чөлдөрү жана тоолору аркылуу» ж. б.), окуу китептеринин, илимий фантастикалык романдардын («Плутония», «Санников жери», «Планеталарга саякат» ж. б.) автору. Илимий эмгектери үчүн Н. М. Пржевальский атындагы сыйлык, (1926), СССР мамлекеттик сыйл. Орус географиялык коомунун чоң алтын медалы, Франция ИАнын 2 сыйлыгы, А. П. Карпинский атындагы алтын медаль (1947) ыйгарылган. Лениндик сыйл. (1941, 1950) лауреаты болгон. Беш Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Тува АССРиндеги кырка тоо, Антарктидагы оазис, Жунгар Ала-Тоосундагы мөңгү ж. б. географиялык бир нече объектиге, уран минералына (обручевит) анын ысмы берилгенетикалык СССР ИА В. А. Обручев атындагы сыйлык белгилеген (1998).
Эмг.: Изб. работы по географии Азии. Т. 1-3. М., 1951; Изб. труды. Т. 1. М., 1958.
Ад.: Поступальская М„ Ардашникова С. Обручев. М., 1963.