ОБОЧОЛОНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБОЧОЛОНУУ - бир түрдүн ичиндеги особдор­дун өз ара эркин аргындашуусунун кыйында­шы же токтолушу. О. түр ичиндеги топтун же жаңы түрдүн пайда болушуна алып келет. Эво­люциянын эң жөнөкөй факторлорунун бири. Табиятта 0. географиялык жана репродукциялык (биол.) болуп айырмаланат. Географиялык О. бир түрдүн белгилүү популяциясы, ошол эле түрдүн башка популяциясынан кандайдыр бир географиялык тоскоолдуктар - суу, кургактык, тоо ж. б. менен бөлүнөт да, акырында ал бөлүнгөн популя­ция өз алдынча түргө айланат. Мындай географиялык О.- түр пайда болуунун негизги факторлорунун бири, себеби ал четтелген (обочолонгон) попу­ляциялардын ортосундагы аргындашууга жана тукум куугуч информациялардын алмашуусу­на тоскоол болот. Репродукциялык же биологиялык 0. табигый шартта бирге жашаган организмдердин ортосунда аргын­дашуунун болбой калышы. Анын бир нече түрү бар: этол. (жаныбарлардын жүрүм-турумунда­гы айырмачылык), экол. (жашоо шартындагы айырмачылык), мезгилдик же убактылуу (кө­бөйүү мезгилиндеги айырмачылык), морфол. (организмдердин же алардын айрым органдары­нын көлөмүндөгү жана түзүлүшүндөгү айырмачы­лык), генетикалык (жыныс клеткалардын дал кел­бөөчүлүгүнө алып келүүчү тукум куугуч аппара­тындагы айырмачылык). Бардык обочолонгон түрлөр бири бирине көз карандысыз жана ар кан­дай комбинацияда айкалыша алат. Репродук­циялык О-нун пайда болушуна узакка созул­ган географиялык О. түрткү берет.