ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын шаарынан 20 км түштүк тарапта, Ала-Мышык тоосу­нун түштүк этегинде. 1957-59-ж. изилденген. Кен аймагын палеоген-неогендин чөкмө тектери түзөт. Гипс неогендин чопо катмарынын ара­сында жатат. Мында гипстин эки катмары бар. Астынкы катмар мала кызгылт гипстен туруп, калындыгы 5-12 м, узундугу 1 кмдей. Үстүнкү кат­мар кызгылтым ак гипстен түзүлүп, калыңды­гы 3,5-6,5 м. Узундугу 1,5 кмге созулат. Бул гипстер жакшы сайкалданат. Арасында кызгылтым се­лениттин жука катмарчасы учурайт. Запасы С2 категориясы боюнча 540 миң т. Көркөм-кооз буюм­дарды жасоого сырьё катары колдонсо болот. Бекемдиги жагынан курулуш гипси катары кол­донууга жараксыз. Кыртышты гипстендирүүдө, цемент өндүрүүгө колдонсо болот.