ОБЛУС (администрациялык): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБЛУС (славянча облада - ээлик) а д м и н и с­трациялык - аймак, жер, край; кандай­дыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж. б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шар­ты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчө­лүгү, администрациялык-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралы­шы (зоогеогр. О., флора 0., геосинклиналь 0.) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. 0. - КМШ (Россия, Украи­на, Беларуссия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мам­лекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Тан­зания, Тoro ж. б.) негизги администрациялык-аймактык бирдик. О. табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири ө. ж. очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир 0. райондорго бөлүнөт.