ОБЛИГАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБЛИГАЦИЯ (латынча оЪ11^а11о - милдеттенме) - баалуу кагаздардын кеңири колдонулган түрү. О. анын ээси аны сатып алууга акча каража­тын жумшагандыгын жана чыгарган ишкана кайра О-ны алыш үчүн ээсине номиналдуу нарк­та сатып алышын талап кылат. Мындай сатып алуу О-ны жабуу деп аталат. Мындан тышка­ры О. эмитенти анын ээсине номиналдык нар­кынан тышкары белгиленген процент төлөшү ыктымал. Ал утуш же купон аркылуу берилет. О-ны өлкө, жергиликтүү бийлик органдары, ишкана­лар, корпорациялар түрдүү мөөнөткө (1 жыл­дан 25 жылга чейин) чыгарышат. О-лар эми­тенттер үчүн кредит мүнөзүндөгү акча каража­тын чогултуш үчүн чыгарылат.