ОБИШИР МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОБИШИР МАДАНИЯТЫ - Обишир үңкүрүнүн аты менен аталган мезолит дооруна (биздин заманга чейинки 9-6 миң жылдык) таандык археол. маданият. Күлдүн калдыктары, оттук таштан жасалган тери иштетүүчү куралдардын түрү, шибеге жана сөөктөн жасалган кооздуктар, айрым турак жайларда жебелер, чөп орууга ылайык таш ороктор табылган. Ошондой эле Борбордук Фергананын түздүгүндөгү О. мад-на таандык жайлардан нуклеустар, микропластиналар кездешкен. Обишир мергенчилери аркар, теке, жейрен, элик жана каманга аңчылык кылышкан. Негизги куралы жаа жана жебе болгон. Аң терилерди иштетип, кийим жана идиш жасашкан. Үй тиричилигинде жыгач, сөөк, мүйүздү иштетүү орчундуу орунду ээлегенетикалык О. маданиятынын тургундары жарым көчмөн турмушта жашап, табигый үңкүрлөрдү турак жай катары пайдаланышкан. Түзөң жерлерде жеңил алачыктарды курушкан деп да божомолдонот. О. маданиятынын белгилери Ферганадан тышкары аймактарда кездешпейт.