О’ГЕНРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

О’ГЕНРИ (өз аты Уильям Сидни П о р т е р; 11. 9. 1862, Түндүк Каролина, Гринсборо - 5. 6. 1910, Нью-Йорк) - америкалык жазуучу. 1894-жылдан жур­налисттик

ишке өткөн. Түрмөдө жазган анге­мелери «ОТ» деген жашы­рын ат менен жарыяланган. «Төрт миллион» (1906), «Жалындаган шам чырак» (1907), «Батыш жүрөгү» (1907) деген аңгеме жый­нактары ж. б. чыгармала­ры менен белгилүү. «Карапа­йым америкалыкты» чын ыклас менен сүрөттөгөн юмор­луу новеллалары америкалык тур­муштун мозаикалык эпо­пеясын түзөт, чыгармалары кызыктуу сюжети, парадокстуу чечилиши менен айырмаланат. «Ко­ролдор жана капуста» (1904) деген сатиралык икаясы бар.