НЬЮТОН ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЬЮТОН ЗАКОНДОРУ — классикалык механиканын негизин түзүүчү үч закон. 1687-жылы И. Ньютон аныктаган. Бирйнчи закон: эгерде нерсеге башка нерселер аракет этпесе же ал аракеттер бири-бирин компенсацияласа, анда ал нерсе тынч абалда же бир калыпта түз сызыктуу кыймылда болот. Экинчи закон: нерсенин массасынын анын ылдамдануусуна көбөйтүлгөн көбөйтүндүсү нерсеге аракет этүүчү күчкө барабар, ылдамдануунун багыты күчтүн багытына дал келет. Бул закон Р = ат формуласы менен берилет, мында Р - күч, а - ылдамдануу, т - масса. Үчүнчү закон: эки нерсе бири-бири менен чоңдуктары боюнча барабар, багыттары боюнча карама-каршы күч аркылуу аракеттенишет. Закон Р =-Р2 түрүндө жазылат. Н. з. Г. Галилейдин, нидерл. окумуштуу X. Гюйгенстин жана И. Ньютондун өзүнүн көптөгөн байкоолорунун жана теориялык из-лөрүнүн жалпыланышы болуп эсептелет.