НЫШАА БААТЫР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЫШАА БААТЫР, Нышаа Кудайменде уулу (1701, Фергана өрөөнү - 1784, Иле д-нын оң жээгиндеги Көкүм-Булак деген жер, азыркы Казакстан) — кыргыз жерин калмак баскынчыларынан бошотууга катышкан баатырлардын бири, асылбаш уруусунун бийи, элчи. Кы.ргы.3 санжырасында Н. б. кол курап, Качыке баатыр менен бирге Ысык-Көл, Кочкордон Кулжа ш-на чейинки жерлерди калмактардан бошоткону айтылат. Кыргыз-кытай чек ара маселелерин тактоо максатында 1758-жылы июлдун башында Черикчи бийдин жетекчилиги менен Пекинге элчиликке барган сегиз элчинин бири Н. б. болгон. Элчилерди Цинь императору салтанаттуу кабыл алып, Н. б. император Цян-Лундун колунан 3-даражадагы башчы (старшина) деген чин алган. Кытай тарыхый даректери боюнча 1760- 70-ж. Н. б. Суусамырды жайлаган 600 түтүн асылбаш элин башкарган, кыргыз-казак согуштарынын биринде эл-жерин коргоп, баатырдык менен курман болгон. Эсенкул баатыр башында турган кыргыздар Н. б-дын кунун кууп барып, Бердикожону колго түшүрүп (1786), өлтүрүшкөн:
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Бала Айылчынын санжырасы //Кыргыз санжырасы (Ала-Тоо журналынын тиркемеси). Б., 1994. Андреев И. Г. Описание Средней орды киргизкайсаков. А., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Нышаа баатыр жана анын доору //Түзгөн П. Казакбаев. Б., 2011. Э. Турганбаев.