НУСУПОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУСУПОВА Жумагүл Балтабаевна (17. 5. 1931- жылы туулган, Фрунзе) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.
КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (2011). Фрунзе ш-ндагы педагогикалык окуу жайын (1949), Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун (азыркы И. Арабаев атындагы КМПУ, 1953), КМУну (1965) бүтүргөн. 1953-54-ж. комсомолдун Фрунзе шаарындагы 1-Май р-ндук, 1954-59-ж. Талас, Фрунзе обл. комитеттеринин

секретары, 1960-62-ж. партиянын Фрунзе шаардык комитетинин секретары, 1962-69-ж. партиянын Фрунзе шаарындагы 1-Май райкомунун 1-секретары, 1969-80-ж. Кыргызстан КП ВКда бөлүм башчысы, 1980-85-ж. Кыргыз ССР маданият министри, 1985-2008-жылы М. В. Фрунзенин үй-музейинин директору, 2008-жылдан кеңешчи-консультанты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5 жолку депутаты (1963-80). 2 «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.