НУРУНБЕТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРУНБЕТОВ Балтагул Аттокурович (1. 2. 1947-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн району, Кызыл-Сеңир айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2000), проф. (2004). КРдин эмг. сиң. мугалими (1994). ОМПИни (1972), КПСС БКга караштуу жогорку партиялык мектепти (1978) бүткөн. 1962- 65-ж. Өзгөн р-нунун Түштүк Кыргызстан тажрыйба станциясында (ЮКОС) жумушчу, 1965-67-ж. комсомол комитетинин секретары, ошол эле мезгилде 1966-67-ж. М. Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим, 1972-83-ж. партиянын Ош шааркомунда, Ош обкомунда инструктор, сектор башчы, 1983-85-ж. Респ. Ош технол. техникумда директор, 1985-89-ж. кесиптик-техникалык окуу жайларынын Ош обл. башкармасынын начальниги, 1989-91-ж. партиянын Ош обл. комитетинде, обл. аткаруу комитетинде бөлүм башчы, 1991-92-ж. Ош обл. билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1992- 94-ж. Ош обл. мамлекеттик администрациясы-губернатордун орун басары, 1994-99-ж. Ош обл. билим берүү жана маданият башкармалыгынын башчысы, 1999-2006-жылы Кара-Суу р-ндук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2006-10-ж. «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археол. музей комплексинин башкы директору, 2010-жылдан ОшТУда кафедра башчысы. 150дөн ашык илимий эмгектин автору. Эмг.: Элдик педагогика жана адептүүлүк. Ош, 1998; Промышленные рабочие Кыргызстана. Б., 2000.